• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Орусияда президенттик шайлоого үч күндүк добуш берүү башталды

15 Жалган куран 2024 17:26 Бишкек Govori.TV

Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. Жараян 17-мартта аяктайт.

Чукотка менен Камчаткада биринчи шайлоо тилкелери Москва убактысы боюнча 14-мартта саат 23:00дө ачылды.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 25-февралда башталган. БШК төрайымы Элла Памфилова 2,3 миллион адам мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан Орусияда жана чет өлкөлөрдө 112 309 947 шайлоочу катталганын кабарлады.

Орусияда президенттик шайлоо аннексияланган Крымда жана Украинанын оккупацияланган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарында да өтүүдө.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мөөнөтүнөн мурда бир күндүк добуш берүү жүрүп жатат. Чехия, Ливия, Кувейт жана Катарда орус жарандары 15-мартта, Иран, Шри-Ланка жана Мальдив аралдарында, Ямайка, Оманда 16-мартта гана добуш бере алышат.

Орусияда президенттик шайлоого төрт талапкер: азыркы президент Владимир Путин (өзүн-өзү көрсөткөн), Владислав Даванков («Новые люди»), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы).

Федерациялар Кеңеши президенттик шайлоонун датасын белгилегенден кийин «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» Путинден башка талапкерге добуш берүү чакырыгы менен «Путинсиз Орусия» өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет.

Теги:
Количество просмотров: 122