• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Орусияда өрттөн үч өзбек жараны каза болду

18 Чын куран 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Томск облусунда өрт чыгып, өзбекстандык үч жаран набыт болду. Бул тууралуу Vtomske басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт 15-апрелге караган түнү Асино шаарындагы жыгач үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө келген куткаруучулар турак жайдан 48, 34 жана 21 жаштагы кишилердин сөөгүн табышкан. Алардын баары Өзбекстандын жарандары экени аныкталган.

Бул окуядан кийин Асино шаарындагы «Стройдоммонтаж-М» ишканасында иштеген 43 жаштагы жаран кармалган. Өзбек мигранттарына үйүн ижарага берген жаран үйдө өрт коопсуздугун камсыз кылган эмес деп айыпталууда.

Тергөөчүлөр ага «Эки же андан көп кишини өлүмгө кириптер кылган өрт коопсузугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айып тагышты.

Количество просмотров: 64