• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Орусияда тажик мигранттары үчүн каттоодон өтүү талабы катаалдаштырылды

5 Кулжа 2024 9:19 Бишкек Govori.TV

Москвада 60тан ашуун тажик мигранты «Озоди» радиосуна Орусиянын Миграция кызматына каттоодон өтүү үчүн потенциалдуу иш берүүчүнүн арызы жана аны менен түзүлө турган эмгек келишимин көрсөтүү керектигин айтышты.

Бул эмгек мигранттары эки жылдан бери Орусиянын борборундагы жатаканалардын биринде жашашат, бирок мындай жагдайга биринчи жолу туш болушту. Жатакананын ээси билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин баарын тапшырууну талап кылууда.

«Жатакананын дубалына илинген эскертүүдө Өзбекстандын жарандарына беш, Тажикстандын жарандарына алты талап камтылганы (ЕАЭБдин курамына кирген Кыргызстандын жарандары жөнөкөйлөштүрүлгөн процедурадан өтүшөт – Ред.) жазылган», — деген атагысы келбеген мигранттар бири.

Тажикстандын жарандары паспорт, миграциялык карта, манжа изин күбөлөндүргөн маалымкат, патент жана убактылуу каттоодон тышкары, иш берүүчүнүн арызын да бериши керек, анда Тажикстандын жараны «Орусиянын миграция мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө» эскертилгендиги жана иш берүүчү «мыйзамдын сакталышына кепилдик бере тургандыгы жөнүндө» жазылат.

Адатта Орусияда чет өлкөлүк жарандарды каттоону жатакана же ижарага алынган турак жайлардын ээлери жүргүзүп келген. Иш берүүчү болсо мигрант менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин гана миграция кызматына билдирүү жөнөтүп турган.

22-мартта Тажикстандын 12 жараны айыпталып жаткан «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин орус бийлиги тажик мигранттарына кысымды күчөттү. Соңку үч айда Тажикстандан жүздөгөн эмгек мигранттары Орусиядан чыгарылып, миңдеген тажиктердин Орусияга кирүүсүнө тыюу салынды.

Количество просмотров: 141