• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Москвада айлыктарын өз убагында ала албаган өзбек жана тажик жарандары митингге чыкты

24 Бирдин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Москвада миңдеген мигрант, анын ичинде Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары өздөрү иштеген «Крокус Групп» курулуш компаниясына каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Мигранттардын айтымында, компания аларга төрт айдан бери айлык төлөбөй келет.

Аты-жөнүн айткысы келбеген тажикстандык мигранттардын бири «Крокус Групптун» күзөтчүлөрү чогулгандарды таркатуу үчүн асманга ок атканын билдирген.

«Компанияда миңге жакын тажикстандык мигрант иштейт. Биз өткөн жылдын ноябрь айынан бери айлык ала элекпиз. Орточо маяна 50-60 миң рублди түзөт», – деп кошумчалаган ал.

Мигранттар «Левобережный» турак-жай комплексинин курулушунда иштеп жатышканын билдиришти. Азербайжандык ишкер Ораз Агаларовго таандык компания жумушчуларга айлыктарын марттын башында төлөп берүүнү убадалады.

Буга чейин «Крокус Групптун» жумушчулары айлыктары өз убагында берилбей жатканына бир нече жолу даттанышкан.

Количество просмотров: 119