• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияда тажик мигранттары жашаган төрт вагон өрттөнүп кетти 

6 Кулжа 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

5-июнда Москва облусунун Сергиев Посад шаарында тажик мигранттары жашаган төрт вагон күйүп кетти.

Вагондо жашагандар качып кетүүгө үлгүрүшкөнүн, бирок жеке буюмдарын жана документтерин сактап кала албай калышканын айткан.

“Биз дароо өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык, бирок алар келген жок. Көптөгөн мигранттардын көбүнүн кийимдери, жеке буюмдары, документтери өрттөнүп кетти”, — деп кошумчалаган атын атагысы келбеген мигрант.

Сергиев Посаддагы өрт тууралуу расмий маалымат жок. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз.

Былтыр Свердлов облусунун Белоярский районундагы жеке менчик үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен Тажикстандан келген бир үй-бүлө жабыр тарткан.

Орус бийлиги адатта өрттүн чыгышына мигранттардын өздөрүн күнөөлөйт.

Количество просмотров: 99