• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орусияда жаран ызы-чуу салган кошуналарын атып салган

5 Чын куран 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Рязань облусунун Елатьма кыштагынын жашоочусу ызы-чуу салган кошуналарына ок атты. Жалпы 5 адам каза болуп, шектүү колго түшкөнүн «РИА Новости» Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

Ал эми ТАСС агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 3 кабаттуу үйдө болгон. 32 жаштагы эркек киши кошуналарынын батиринде ызы-чуу болуп жатканын угуп, курал менен барып, ок аткан. Андан кийин ал подъезге кирип келе жаткан башка коңшуларына да ок чыгарган. Анын кесепетинен 5 адам — 4 эркек, 1 аял киши көз жумду. Шектүү окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет жасаган, бирок полиция тарабынан кармалды. Ал бир нече адамды өлтүргөнүн четке каккан жок.

Полициянын маалыматы боюнча, шектүү буга чейин психиатрда каттоого алынган. Ал көптөн бери кошуналары менен жаңжалдашып жүргөн. Ага карата эки же андан ашык адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Россиянын мыйзамы боюнча мындай кылмыш үчүн айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылат.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 1883