Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, милицияга кабар бүгүн саат 11де түшкөн.
Чалган адам өзүн үй кызматчысымын деп тааныштырып, 1967-жылы туулган үй ээсинин сөөгүн ашканадан тапканын, өлүктүн алдында тапанча жатканын билдирген.
Жерине барган тартип сакчылар ал жерди караганда буюм-тайымдар талкаланбагандыгын, алышып, кармашуу байкалбагандыгын айтышкан.
Сөөктү сырттан карап, текшергенде октон алган жаракатын кошпогондо башка жабыркаган жерлер табылган эмес. Чогултулган материалдардын жыйынтыгына ылайык, бул окуя өзүн-өзү өлтүрүү катары бааланууда.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.