• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Орусиядан Өзбекстанга акча которуу көлөмү кыйла азайды

18 Жалган куран 2022 14:49 Бишкек Govori.TV

Март айынан тарта Орусиядан Өзбекстанга акча которуу көлөмү кыйла азайды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нумуратов билдирди.

«Марттын биринчи жарымында Өзбекстанга жөнөтүлгөн акча которуунун көлөмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кыйла азайды. Азырынча бул рублдин курсунун төмөндөөсүнө гана байланыштуу деп так кесе айтуу кыйын. Бул жерде мигранттардын акча жөнөтүү же жөнөтпөө чечимине таасир эте турган аныксыздык абалдын жогорку деңгээли көбүрөөк себеп болуп жаткандай», — деди ал.

Ошол эле маалда акча которуунун азайганын билдирген Нумуратов конкреттүү сандарды атаган жок.

2021-жылы эмгек мигранттары Өзбекстанга 8,1 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин божомолуна ылайык, 2022-жылы Орусиядагы экономикалык абалдан улам акча которуунун көлөмү 21% кыскарат.

Количество просмотров: 287