Орусиянын Биринчи каналынын редактору Марина Овсянникова дүйшөмбү күнү кечинде студияга согушка каршы плакат менен чыгып, «Время» программасын үзгүлтүккө учуратты.
Алып баруучу Екатерина Андреева премьер-министр Михаил Мишустиндин эл аралык санкциялардын таасирин жеңилдетүү пландары тууралуу айтып жатканда, капысынан анын артында «NOWAR (согушка жол жок)» деген жазуу кармаган бир кыз пайда болду.
ТАСС билдиргендей, Овсянникова кармалып, азыр ага административдик иш козголгон. Биринчи канал окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө.