• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Орусиялык ырчылардын Кыргызстанга келишине каршы акция өттү

5 Аяк оона 2022 17:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-сентябрда бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар «Крымды Орусиянын бир бөлүгү» деп жарыялаган ырчы Филипп Киркоровдун Кыргызстанга концерт коюшуна каршылыгын билдиришти. Акцияга жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, журналист Замир Өсөров жана «Борьба за мир» коомдук уюмунун жетекчиси Валерий Булашов катышты.

Алар колдоруна «Агессордун ырчысына жол жабык», «Биз тынчтык үчүн» деген плакаттарды кармап турушту.

Теги:
Количество просмотров: 2333