Оруссия Федерациясынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги орус тилин билбеген мигранттарды жумушка албоону сунуштады, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Даярдалган буйрукка ылайык, жаңы чара Оруссияга визалык режим орнотулган өлкөлөрдөн келген мигранттарга тиешелүү болот.
Документтин таасири астына Оруссияга мигранттардын көпчүлүгүн жөнөтүүчү өлкөлөр – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирбейт. Ведомствонун демилгесине ылайык, талаптар россиялыктар менен өз ара аракеттенүүнү караган кесиптерге жайылтылат.
Атап айтканда, бул айдоочулар, сатуучулар жана медиктер. Сөз квота боюнча жумушка орношуу жөнүндө болуп жатат. Азыр Оруссияга өкмөттүк квота боюнча иштегени келген мигранттар мыйзам боюнча орус тили боюнча экзамен тапшыруудан бошотулган.