• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош базардагы өрттүн чыгымы эсептелүүдө

4 Бештин айы 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.11.2018.Govori.TV.
Ош базарында 3 нөн 4-декабрга караган түнү чыккан өрттүн чыгымы эсептелүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт түнкү саат 11лерде тутанган. Тилсиз жоону өчүрүүгө алты бөлүм өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери тартылып түнкү саат 03:31де толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, өрт Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кийим-кече сатылуучу контейнерде тутанып, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн, кыркка жакын адамдын соода түйүндөрү күйүп кеттке. Өрттүн себеби такталып жатат.
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базарында бир нече жолу өрт катталган.

Количество просмотров: 24