Чүй проспектиси Бейшеналиева көчөсүнөн Ю. Фучик көчөсүнө чейин азыр 1500 ийне жалбырактуу туялар менен кооздолду. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалым болгондой, шаардын батыш тарабындагы жашыл көрүнүштү жакшыртуу, Ош базарына жакын жердеги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштер жүргүзүлүүдө.
«Учурда жашылчарбанын жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылып, топурак тегизделип, тиричилик таштандыларынан жана таштардан тазаланды. Участокто сугаруу атайын автоматтык сугаруу системасы менен жүргүзүлө тургандыгын эске сала кетели. Ал үчүн суу кудук аркылуу берилет. «,-деп жазылат маалыматта.