• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош базары жаңы ордуна качан көчүрүлөт?

5 Бирдин айы 20269:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ош базары шаардын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ордуна ал жакта курулуш иштери толук аяктап, даяр болгондо көчүрүлөт.

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 4-февралда базардагы сатуучулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Бардык шарттар түзүлүп, толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Жаңы базарда орундар эч кимге сатылбайт, ижарага берилет. Бул жакта 5 миң сом төлөп жаткан болсоңуз, ал жакта да ушул эле акчаны төлөйсүз, болгону аны түз мамлекетке төлөйсүз», — деди Туманбаев.

Количество просмотров: 213