• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Ош» базарында сатуучулар митингге чыгышты

24 Жетинин айы 2018 15:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.11.2018. Govori.TV
Бишкектеги «Ош» базарында соода кылгандар митингге чыкты. Бул тууралуу соодагерлердин бири билдирген. Митингчилердин айтымында, базардын жетекчилиги алардын соода кылган орундарын бошотууга аракет кылууда.
Митингчилердин айтымында базарда чыккан өрттөн соода күркөлөрү күйүп кеткен жарандардын учурда соода кылып жаткан жеринен чыгарууга аракеттер көрүлүп жатат.
«Өрт чыгып соода кыла турчу жайлары күйүп кеткен соодагерлердин азыркы орундарын базар жетекчилиги бошотууга аракет кылып жатат. Алар соодагерлердин азыр турган жерин автоунаа токтотуучу жай кылабыз деп жатышканын уктук. Андан сырткары, «базардын жанына салынып жаткан жаңы имараттан орун алгыла, 1 чарчы метри 2 миң доллардан» деп жатышат. Имарат болсо курулуп бүтө элек», — деди соодагер.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында бир жумадан бери күн сайын митинг өтүп, катышуучулар президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатышат. Учурда базарда соода кылган 100дөн ашык киши митинг кылууда.
Белгилей кетсек, «Ош» базарынын аймагындагы биринчи өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.
Экинчи жолку өрт 5-март күнү кечке маал башталган. Жалын 700 чарчы метр жерди жалмаган.
Ал эми 13-апрелге караган түнү базардан үчүнчү ирет өрт чыгып, 2500 чарчы метр жер күйүп кеткен.

Бишкектеги Ош базарында соода кылгандар митингге чыкты

Булак: «Спутник» агенттиги
Количество просмотров: 30