Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базарынын жээкте жайгашкан, бузулууга тийиш болгон соода павильондорунун ээлери менен жолугушту.
Шаар башчысы түшүндүргөндөй, объектилер шаар куруу нормаларын бузуу менен орнотулган. Дарыянын нугунун боюнда 15 метрлик техникалык зона бар, ал жерде кандайдыр бир курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат. Жээктен алты метр аралык жашыл бак-дарактар үчүн арналган.
Мындан тышкары, соода түйүндөрү бири-бирине жакын жайгашып, инженердик жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болушу керек болгон аймакты ээлеп турат.
«Биз дарыяга эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана жашыл зонаны сактоого милдеттүүбүз. Бул көрктөндүрүү эрежелеринин гана эмес, шаардын экологиялык коопсуздугунун да талабы», — деп баса белгиледи Айбек Жунушалиев.
Шаардык кызматтарга дарыядан алыс жайгашкан биринчи соода катарды сактап калуу тапшырылды. Ал эми дарыяга жакын жайгашкан экинчи катардагы 39 соода жайынын ээлерине мыйзам чегинде иштөөнү улантуу сунушталууда. Ош базарынын ичинде 20 бош соода орун бар. Калган 19 сатуучуга мэрия альтернативалуу жумуш орундарын сунуштайт.
Мэрия ишкерлерге павильондорду жайгаштыруу үчүн 20 альтернативдүү жер сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында павильондордун ээлери мэрдин жүйөөлөрүнө макул болушуп, өз ишмердүүлүгүн альтернативдүү аянтчаларга көчүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.