Ош шаарынын мэри Жанар Акаев базарда кол салууга дуушар болгон фермер менен жолугуп, ага жаңы базардан орун бөлүнүп бериле турганын билдирди.
Акаев кол салууга катышкан бардык адамдардын аракетине мыйзам чегинде укуктук баа берилерин айтты.
Белгилей кетсек, соцтармакка видео тарап, анда кулпунайын базарга алып келип сатууга аракет кылган адамды соодагерлер жабыла сабап, кулпунайын чачып салышкан.