• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош губернатору Таалай Сарыбашевдин диплому жасалмабы?

24 Бугу 2018 11:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV
“Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашевдин диплому тууралуу күмөндүү суроону кабыргадан коюп келишкен. Бирок губернатор мырза “лам” деп ооз ачпай кутулуп келатат”. Бул тууралуу бүгүн “Азия ньюс” гезити жазып чыкты.
Анда гезиттин жазмакерлери “Чын эле Сарыбашев буга чейин Ош технологиялык университетине 3-курска дароо отурганы бизге маалым болду, а бирок ага чейин кайсы окуу жайды аяктаган? Маселе так ушунда. Эгерде оор болбосо ошол ОшТУга келген дипломуңуздун көчүрмөсүн жарыялап койсоңуз, жаагыбыз жап болмок. Интернеттеги өмүр баянда базарчы экени ачык жазылып, дипломуңуз жабык болгону кызык болуп туру. «Жел болбосо чөптүн  башы кыймылдабайт” дегендей, Сарыбашев жасалма дипломдун азабын тартып, мыйзам алдында жооп берип калбайбы? Же Сүйүмбаев менен Илмияновдой болуп мурдун балта кеспейби?…”,-деген суроону коет.
Количество просмотров: 13