Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровдун сөгүшү тууралуу айтып, өлкө башчысынын сынын туура кабыл алганын айтты.
«Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун сын-пикирин кабыл алдым. Эми иштеш керек болот, иштеп атам», — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берген.