• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ош мэри: Шаар деген шаардай болуусу керек «мал багам», «жер үйдө жашайм» дегендер айылга барсын

1 Кулжа 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

«Шаар деген шаардай болуусу керек «мал багам», «жер үйдө жашайм» дегендер айылга барсын». Бул тууралуу пикирин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Govori.TVга курган маеги учурунда билдирди.

Анын айтымында, экинчи борбор болгон Ош шаарын өнүктүрүүгө кылдат көңүл буруу керек.

«Азыр заманбап технологиялар ишке кирди. Техниканын өсүп-өнүгүүсү менен бирге эле жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бизде учурда 18-20 кабаттуу үйлөр курулууда. Ал эми дүйнө жүзүндө 100 кабаттан ашык имараттар салынууда. Ошол эле Японияны карап көрсөк күнүнө 5-6 жолу жер титиреп турат, салып жатышат го, а эмне үчүн анан биз сала албайбыз? Эми көп кабаттуу үйлөрдүн түшүп жатканы экономиканын өнүгүүсү да. Ош бул — экинчи, түштүк борбор. Шаар деген шаардай болуш керек, шаарда көп кабаттуу үйлөр болуусу абзел. Жер үйлөрдөн кетүү керек. Эми жер үйдө жашайм, мал кармайм дегендер, анда айылга барып жашасын», — дейт Мамбетов.

Количество просмотров: 4860