• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош мэрине жаңы кеңешчи дайындалды

7 Баш оона 202314:53 Бишкек Govori.TV

Салтанат Аманова Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Аманова Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген.

Количество просмотров: 153