• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

30 Бугу 202215:57 Бишкек Govori.TV

Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралууу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал буга чейин Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы кызматына кадрдык резервден Нурлан Закиров дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Количество просмотров: 133