Ош мэриясы жаңы жылдык балатыга 1,5 миллион сом сарптайт
28 Жетинин айы 201820:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Быйыл эң бийик балаты Ош шаарында орнотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан белгилүү болду
Маалымдалгандай, Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдын башкы символун орнотуп, борбордук аянтты жасалгалоого 1 миллион 525 миң сом жумшайт.
Тендердин талабына ылайык, балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болушу керек.
Белгилеп кетсек, Бишкек жана Жалал-Абадда орнотулуп жаткан балатылардын бийиктиги 25 метрди түзөт.
Булак: «Мезгилньюс»
Подписаться:
Количество просмотров: 13