• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ОШ ОИИБ: Видеодогу келин учурда күйөөсү жана балдары менен Орусияда

14 Бештин айы 2019 12:35 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга тараган видеодогу өзгөндүк келин балдарын сабаган эмес. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына таянып, «Турмуш» сайты жазды.

«Видеодогу келинди тактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, видеодогу келин Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 1989-жылы туулган тургуну К.М. экени такталды. Видео ушул жылдын ноябрь айында Россия Федерациясынын Москва шаарында тартылгандыгы белгилүү болду. Видеодогу келин учурда күйөөсү жана балдары менен ынтымактуу жашап жатат. Ошондой эле видеону интернетке жарыялаган адам үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу үчүн таратканы тастыкталды», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ал эми видеонун тарыхы такыр башкача. Сабалды делген балдардын атасы бир топ жылдан бери Россияда иштеп жүргөн. Балдары атасын сагынып, ыйлашчу. Андан сырткары ар кандай ушактар айтыла бергендиктен, балдары ага ызаланып ыйлаган учурун апасы видеого тартып алып, күйөөсүнө жөнөткөн. Андан кийин атасы үй-бүлөсүн Москвага чакыртып алган.

Количество просмотров: 565