Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 259-261-чакырымдар аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап, жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты. Учурда жол убактылуу жабык. Жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам толук жанданды. Ал эми 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар. Кошумча маалымат берилет.