• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ош шаардык РЭТ кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

21 Тогуздун айы 2022 17:36 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош РЭТинде коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Ош райондук электр тармактар ишканасынын (Ош РЭТ) кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштар боюнча расмий документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен 2020-2021-жылдар аралыгында электр жабдуулары жана материалдык баалуулуктар негизсиз чыгымдалып, ишенип берилген каражаттарды өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталды.

Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 372 миң 476 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык РЭТнин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1082