• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ош шаардык мэриясындагы жаңы дайындоолор: Кеңешчи менен Жашылдандырууга жаңы кызматкерлер келди

14 Чын куран 2023 12:55 Бишкек Govori.TV

Адилет Мокеев Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Буга чейин ал Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыктарын жетектеп, Ош облустук курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси кызматын аркалап келген.

Абай Большевиков “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин “ОшТВ”, “ОшПирим” телеканалдарында кабарчы, алып баруучу, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Дайындалганга чейин “ОшПирим” телеканалында директорлук кызматты аркалаган.

Эске салсак “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Жалил Осмонов өз каалоосу менен берген арызына ылайык бошотулду.

Количество просмотров: 83