Кечээ, 2-августта Ош шаарынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды. Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын алкагында Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планы боюнча даярдалган презентация көрсөтүлдү.
Анда Ош шаарынын аймагын кеңейтип, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты негиз болгону айтылды.
Кошумчалай кетсек, «Ош Сити» акылдуу шаарына каржылоо кайсы булактан ишке ашырыла турганы боюнча маалыматтар айтылган эмес.