Ошто жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Масалиев көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган.