“Ошэлектро” ААК токко урунуп каза болгон баланын үй-бүлөөсүнө көңүл айтты
“Ошэлектро” ААК токко урунуп каза болгон баланын үй-бүлөөсүнө көңүл айтты
27 Баш оона 2018 18:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV
“Ошэлектро” ААК токко урунуп каза болгон баланын үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул туурасында компания социалдык түйүнү аркылуу билдирди.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, 26-август күнү Кара-Суу районуна караштуу, Жаңы-Маданият” айылында курулуш иши жүрүп жаткан үйдө, жаш бала ток өткөрүүчү жылаңач зымды кармап алып, каза тапкан. Ал жерде коопсуздук чарасы көрүлгөн эмес.
Ток өткөргүч жеке абаненттин балансында жайгашканы белгилүү болду.