• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Маркум Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө батир берилди

8 Тогуздун айы 2019 18:45 Бишкек Govori.TV

Жеке ишкер Имамидин Ташов маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан батир белекке берди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жасаган видео кайрылуусунда айтты.

 Өксүткөн чоң жоготууга жүрөк канап, канча көз жаш төгүлдү. Сабыр айтуудан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен. Уландан калган туяк Белегиңиздер бар. Өмүр улай турган небереңиздер менен көп жакшылыктарды көрүңүздөр. Биз берген батирде Белектин жалаң ак тойлоруна күбө болуңуздар, -деди Ташов.

Жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү менен коомчулуктун эсинде калган журналист  Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

Количество просмотров: 936