• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ошко 50 автобус алынып келинет

22 Баш оона 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-августта Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү боюнча көчмө жыйын өтүүдө. Иш-чаранын алкагында Кыргыз-Өзбек фонду, Ош шаарынын мэриясы жана “SamAuto” ЖЧКсынын ортосунда Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага КР УИАнын директору Равшан Сабиров, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун башчысы Азиз Аалиев, Президенттин Баткен, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, туризм тармагында иштегендер, КР Инвестициялар министрлигине караштуу МЖӨ борборунун жетекчилиги катышты.

Равшан Сабиров өз сөзүндө бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин №115 Жарлыгын ишке ашыруунун негизги аспектилерин белгиледи.

Марс Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан иш-чараны уюштуруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты жер-жерлерде ишке ашыруу аймактар үчүн да, мамлекет үчүн да абдан маанилүү экенин баса белгиледи. Инвестициялык процесстерди активдештирүүнү эске алуу менен өлкөнүн экономикасын жакшыртуу, региондорду өнүктүрүүнү камсыз кылууга боло турганын кошумчалады.

“Ош шаарын өнүктүрүү программасынын алкагында иш-чараларды каржылоого программада каралган 16 млрд. 843,9 млн. сомдун 72%ы – 12 млрд. 161,9 млн. сому инвестициялык каражаттар болуп саналат”, — деп билдирди вице-мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү долбоору, туризм тармагын өнүктүрүүдөн экономикага мультипликативдик эффекттин ролу тууралуу айтылды.

Количество просмотров: 114