Бүгүн 23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул блок-посттордо санитардык кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.
«Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо шаардан жана үйүнөн чыкпоо сунушталат» деди штаб.
23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. Вирус менен ооруган адамдардын саны 14. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.
Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди.
Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат.