• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошко өзгөчө кырдаал режими киргизилди

22 Чын куран 2024 9:28 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы кырдаал боюнча чукул жыйын өтүп, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев региондордо иш алып барып жаткан райондук мамлекеттик администрация башчыларына-акимдер жана Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда саат: 21:00 чукул жыйын уюштуруп, учурдагы кырдаалды талкуулады.

Онлайн режимде өткөн жыйынга облустук жетекчилер, жарандык коргонуу өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Талкууда учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилип, акыркы күндөрдө аткарылган иштер талдоого алынды.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл-облустук Жарандык коргонуунун башчысы Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 82