• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

ЖЭБдин аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди 

2 Бирдин айы 2024 10:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жеринде тиешелүү адистер иш жүргүзүүдө», — деди министр.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган болжол менен түнү саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Анын кесепетинен беш адам жабыркаган.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 88