• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ош мамлекеттик университетинде айлык 40%га жогорулады

17 Бештин айы 2018 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV

1-декабрдан тарта Ош мамлекеттик университетинде маянанын негизги бөлүгү (оклад) 40%га жогорулады. Окуу жай акыркы 7 жылда айлык-акыны сегизинчи жолу көтөргөн.

ОшМУдан билдиришкендей,  профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин  салыштырмалуу кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 40% дан жогору эмгекакы кошулду.

“Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп,ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Мунун баары билим сапатын жогорулатуу максатында иш ашууда. Университеттин ички резервинен,окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлыкакыларды өстүрүүгө шарт жаралууда», -деди  ОшМУнун ректору  Каныбек Исаков.

Декабрда айлыктан сырткары ар бир кызматкер жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13-айлык – сыйлык акчаларды да алышат.

Булак: “Калыс Медиа”

Количество просмотров: 32