• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто 10 жаңы мектеп курулат

10 Чын куран 202613:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында 10 жаңы мектептин пайдубалын түптөө аземине катышты.

Мектептер Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен курулуп, иш-чара мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында уюштурулду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө билим берүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, долбоордун маанисине токтолду.

“10 мектептин курулушу – бул Ош үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү окуя”, – деди президент.

Ошондой эле ал билим берүүгө салынган инвестиция келечек муун үчүн эң баалуу салым экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 168