• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ошто 2 жаран экстримисттик идеологиялардан баш тартты

16 Баш оона 202317:53 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКМК “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүлгөн.

«Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгү тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» тероррдук уюмунун идеяларын тараткандыгы үчүн ушул жылдын 10-августунда А.О.М. жана М.М. аттуу жарандар кармалган. Аларга диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча соттун чечими чыгып, угузулган.  Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, А.О.М. жана М.М. аттуу жарандары экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты»-,деп айтылат маалыматта.

УКМК экстремисттик-террордук уюмдардын ишин бөгөттөө чаралары улана берерин кошумчалады.

Количество просмотров: 78