• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ошто акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды

3 Теке 202311:13 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

Количество просмотров: 94