• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар мас абалында болгон

12 Бугу 2022 15:22 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын бир нече тургуну мас абалында автоунаа айдап, Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө участкасында Карамык айылынын 8 жараны Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен чек арадан мыйзамсыз өтүп, Тажикстандын аймагына кирип кетишкен.

УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери аларды Кыргызстандын аймагына кайтарып, Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө жеткиришкен.

«Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Ош облустук, Тажикстандын Лахш аймактык чек ара өкүлдөрүнүн ыкчам жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар бул сыяктуу учурларга жол бербөөнү жана чек арадагы кырдаал боюнча маселелерди ыкчам чечүүнү макулдашты», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 123