Ошто Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразы болуп, акцияга чыгышты.
Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине кат жолдошту. Алар министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышкан.
Ал эми Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «кайгуул кызматы иш таштады» деген маалыматты четке какты.
«Айрым кызматкерлер бүгүн милициянын кайгуул кызматынын имаратына топтолушуп, кызмат убактысын кароону жана өздөрүнүн жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айтышты. Айтылган сунуштар, нааразычылыктар ИИМдин жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине жеткирилген» — деп айтылат билдирүүдө.