• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошто коронавирус жуктургандардын арасында кош бойлуу келин бар

10 Чын куран 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

Ошто COVID-19 жуктурган кош бойлуу келин бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бүгүн болгон онлайн жыйында айтты.

Анын айтымында келин учурда даарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Келин «Кардиоазия» борборунда жатат. Ал учурда 37-жумада. Толгоосу келгенде атайын обсервацияга которобуз», — деди ал.

Каратаев кошумчалагандай Ош жана Бишкекте кош бойлууларга төрөтүү үчүн атайын оорукана бөлүнгөн.

«Ош менен Бишкек шаарларында кош бойлуулар үчүн атайын оорукана бөлүнгөн. Ал жерде төрөттү кабыл ала турган дарыгерлер даяр, окуудан өткөн. Оштогу ооруканада учурда 37 жума болгон кош бойлуу келин жатат. Ал көзөмөлдө», — деди Каратаев.

Эске салсак, бүгүн коронавирус жуктургандардын саны 18ге көбөйдү. Ошону менен өлкөдө жалпы тастыкталган 298 учур катталды. Алардын ичинен:

  1. Жалал-Абад облусунда – 89,
  2. Ош облусунда – 98,
  3. Чүй облусунда – 15,
  4. Баткен облусунда – 4,
  5. Ош шаарында – 36,
  6. Бишкек шаарында– 42,
  7. Нарын облусунда – 10,
  8. Ысык-Көл облусунда – 4 учур бар.

Количество просмотров: 432