• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде ошто 12 кабаттан турган 8 үй курулат

17 Теке 202417:49 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын негизинде турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528ди түзөт. Курулуш мөөнөтү бир жарым жыл.

Турак жай комплексинде спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Учурда өлкө боюнча 12 миң 659 батирдин курулушу жүрүп жатат.

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат.

Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.

Теги:
Количество просмотров: 175