• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто мыйзамсыз курулуштар аныкталып, иши козголду

11 Аяк оона 2022 10:48 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жер тилкесине, 12 кабаттуу турак үйдү долбоорлоого берилген уруксат документтери текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган турак жай көчөнүн түштүк-чыгыш тарабынан 80 см, түндүк-батыш тарабынан 45 см курулуп, кызыл сызыктан чыгып кеткендиги тастыкталган.

Мындан сырткары, көп кабаттуу турак үйдүн бир эле подьездинде бир лифт иштеп, калган үчөө иштебегендиги, суу сактоочу көлмө, таштанды таштоочу жай жана газ түтүкчөлөрдүн орнотуу жагы долбоордо каралбагандыгы, эки подьезддин ремонттору толук кандуу бүтпөгөндүгү, лифттин эшиктери бир подьездде бир тарабы 1-кабатта жана 4-кабатта жок экендиги, көп кабаттуу турак үйдүн түндүк тарабындагы автопаркингге кирүүчү жана чыгуучу жол долбоор боюнча каралса, жеринде кароодо жок болгондугу, ремонттору аяктабагандыгы, автоунааларды токтотуучу жай атайын көп кабаттуу турак үйдүн күн-чыгыш тарабында башкы план боюнча жайгашып, бирок асфальт төшөлбөгөн, балдар ойноочу аянтчанын орду долбоор боюнча аткарылбагандыгы, өрттүк автоунаалар үчүн 14 метр жол көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, түндүк жана күн чыгыш тараптардан өтүүчү жолдор каралбагандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, мурдагы КРӨнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 176