• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто турак үй өрттөндү

8 Кулжа 2023 9:43 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Төлөйкөн айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тилсиз жоонун кесепетинен 214 чарчы метр аянтта жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры, үй буюмдары жана бир тоннадай каробка күйгөн. Саат 15:35те өрттү толугу менен өчүрүшкөн»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 92