• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

20 Чын куран 202110:52 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 19-апрелде саат 21:58де катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибэ айылында – 3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында – 2,5 балл жана Доорот-Коргон айылында – 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 61