«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 28-июлдан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу — жума күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.