Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаар көчөлөрүнүн абалын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөргөн.
Маалыматка ылайык, мэр жетекчилер менен биргеликте жүк ташуучу унаа менен шаарды кыдырып, коомдук транспорт токтоочу жайларды, аялдамаларды, шаардын жолдорунун жана тротуарларынын, четки көчөлөрдүн абалын текшерген.
Айрым интернет колдонуучулар «мындай көрүнүш жол эрежесин бузууга жатабы?» деген суроо салышууда. Ал эми Ош шаарындагы милициянын кайгуул кызматы бул нормалдуу көрүнүш экенин билдирди.
«Бул унаа жүк ташуучу эмес, аскердик унаа. Аталган унаада атайын отургучтар бар. Ошондой эле унаанын алдыңкы жана арткы бетинде «адамдар» деген идентификациялык белгини көрүүгө болот. Эч кандай мыйзам бузуу жок. Жол кыймылынын эрежелеринде адамдарды ташуу боюнча 22 -бөлүм бар жана анда аскердик айдоочулар адамдарды ташый алаары айтылат, бул үчүн аларга уруксат берилген»,-деп билдиришти Ош шаарындагы милициянын кайгуул кызматынан.