• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Осмоналиев туристтик субъекттердин өкүлдөрү менен жыйын өттү

1 Кулжа 202014:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өттү.

Анын айтымында санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартылабы баса белгиленди.

«Учурдун талабына ылайык жаңы шарттарды сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт», — деп баса белгиледи.

Учурда Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбор жана 3 реабилитациялык борбор бар.

Количество просмотров: 52