Megacom
  • Шейшемби 14 Куран 2020

Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптар коюлат

19 мая 2020 в 15:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптар иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Эс алуу сезону башталганда Саламаттык сактоо министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптарды иштеп чыгат”, – деп билдирди Боронов.

Ошондой эле Боронов мындай кадамдар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курч бойдон калуусунан улам жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 4084